Окуялар
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 3 баллга жакын жер титирөө болгонун Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Институттун маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн, 22-апрелде саат 05:26да катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында — Күңгөй-Ала-Тоо тоолорунда, Григорьевка айылынан 22 чакырым түндүк-батышты карай, Кожояр айылынан 22 чакырым батышта, Ананьево айылынан 27 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында сезилген жок.



