Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү ээнбаштыкка шектелип кармалды

Жаран Т.Ж. ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, анда ээнбаштык фактысы боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 2021-жылдын 13-июль күнү болжол менен саат 14:00до Ош-Бишкек жолундагы кафелердин биринде арыздануучуну чала тааныш адам себепсиз сабап, денесине жаракаттарды келтирген. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жогорудагы факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул укукка каршы аракеттерге криминалдык чөйрөнүн адамдарынын тиешеси бар болгондуктан, шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чарага ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.
28-июль күнү Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынан Жалал-Абад облусунун жашоочусу 1984-жылы туулган Д.А. кармалды. Жаран Д.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Иликтөө иштери уланууда.



