Коом

ЖК фамилияга «теги» мүчөсүн кошуу боюнча мыйзам долбоорун колдоду

Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга)» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Нурланбек Тургунбек уулу, Аманкан Кенжебаев.

Мыйзам долбоорун Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева тааныштырды. Ал белгилегендей, бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты кыргыз салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

Ошондой эле жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев, Аида Исатбек кызы тарабынан демилгеленген “Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоору Граждандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Буга байланыштуу баңги кылуучу каражаттарды колдонууга жарнамалоого жана эл алдында чакырыктарга, баңги кылуучу каражаттарды камтыган дары-дармек каражаттарын алууга укук берүүчү рецепттерди же башка документтерди мыйзамсыз берүүгө багытталган аракеттер үчүн жазаны күчөтүү сунушталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button