Саясат
Кыргызстандын бир катар аткаминерлери ЖККУнун сыйлыгын алышты

Алардын арасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов ЖККУнун I даражадагы ардак белгисин алышты.
Уюмдун өнүгүшүнө жана бекемделишине кошкон зор салымы үчүн башка министрлик, ведомство өкүлдөрү да сыйланышкан.