Коом

УКМК: «ЭлКат» ЖЧКсынын уюштуруучулары кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК өлкөдөгү эң ири интернет провайдерлеринин бири болгон «ЭлКат» ЖЧКсындагы мамлекеттин үлүшүн жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы боюнча Республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1994-жылы «ЭлКат» мамлекеттик-жеке ишканасы (51% — КР Президентинин Аппараты, 49% — «Компьютердик технологиялар борбору» ЖЧКсы) түзүлгөнү аныкталган.

1998-жылы «ЭлКат» ЖЧКсынын уюштуруучуларынын курамы өзгөртүлүп, «Компьютердик технологиялар борбору» ЖЧКсынын ордуна «Айкөл-5» ЖЧКсы кошулган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын айрым кызмат адамдары «АЙКӨЛ-5» ЖЧКсынын уюштуруучулары болуу менен бирге «ЭлКат»ЖЧКсынын 100% үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алуу максатында ушул компаниянын башка уюштуруучулары менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барышкандыгын белгилей кетүү керек.

Андан кийин 2006-жылдан 2007-жылга чейинки мезгилде аталган адамдар өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын жана бийлик түзүмдөрүндөгү коррупциялык байланыштарды пайдалануу менен эч кандай компенсация төлөбөстөн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын «ЭлКат» ЖЧКсынын катышуучуларынын курамынан чыгарган мыйзамсыз сот чечимдерин чыгарууга жетишкен.

Ошентип, мамлекеттик кызматкерлердин тобунун жана «Айкөл-5» ЖЧКсынын уюштуруучуларынын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекет телекоммуникация тармагындагы стратегиялык маанилүү ишкана болгон «ЭлКат» ЖЧКсындагы үлүшүнөн кайтарылгыс түрдө ажырап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда бул иш боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын жана алынбай калган кирешенин так суммасын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мурдагы кызматкерлерине жана «Айкөл-5» ЖЧКсынын уюштуруучуларына К.З.М. жана Ш.С.И. жана башка адамдарга коррупция боюнча тиешелүү айып тагылып, алар соттун чечими менен камакка алынган.

Тергөөнүн жыйынтыгы  боюнча кошумча маалымат берилет, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button