Коом

Журналист Нарын Айып каза болду

Бүгүн белгилүү журналист Нарын Айып 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 7-каналдын башкы директору Илязбек Балташев кабарлады.

Анын айтымында, Нарын Айып жумуш ордунда көз жумган. Ал 2024-жылдан бери 7-каналда башкы продюсер кызматын аркалап келген.

“Агай адаттагыдай эле бүгүн жумушка келген. Түшкү саат 12лерде кабинетине барып, диванга жаздык коюп, жаткан экен. Балдар көрүп, жашы улгайып калган киши эс алып алайын деп жаткан го деп ойлошуптур. Эки саатка чукулдап калганда байкап, Тез жардам чакырдык. Бирок агай үзүлүп кетиптир. Биздин каналга Нарын Айып 2024-жылдын январь айында жумушка кирген. Өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, абдан тажрыйбалуу кесиптешибиз эле. Аналитикалык программаларды даярдап эфирге чыгарчу. Бизге да ушундай адамды жоготуу оор болуп жатат”, — деди Илязбек Балташев.

Ошондой эле ал Нарын Айыптын сөөгү качан жана кайда жерге берилери боюнча кошумча маалымат болорун айтты.

Белгилей кетсек, Нарын Айып 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктаган. 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин бүтүргөн. Бир катар гезит, радио, телеканалдарда эмгектенген.

“Абал kg” сайтынын эмгек жамааты Нарын Айыповичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына аза күтөт жана терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button