Коом
Ошто жеке ишкер шаардык коммуналдык кызматтарга 3 атайын техника тапшырды

Бүгүн, 18-февралда Ош шаарынын борбордук аянттында жеке ишкер Улукбек Абиевтарабынан алынып, Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык кызматтарына жаңы атайын техникалар тапшырылды.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевишкерге коммуналдык кызматтарга эки жүк ташуучу жеркелгичти (экскаватор) жана бир жүк түшүрүүчү унааны белекке бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. 20 күн аралыгында Ош шаарынын мэриясына демөөрчүлөр тарабынан жалпы 21 жаңы техника тапшырылды.