Окуялар

Дайынсыз болгон 62 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Бишкек шаарында 62 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектүү катары 46 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-июнунда милицияга аялдын уулу кайрылып, апасы дайынсыз болуп жатканын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тиешелүү издөө иштери башталган.

Бир жылдан кийин, 2025-жылдын 13-августунда шектүү катары аял менен бир үйдө жашаган 46 жаштагы киши кармалган. Ал тергөө учурунда кылмышты мойнуна алып, аялды өлтүрүп, сөөгүн анын үйүнүн короосуна көмүп салганын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция тергөө иштери улантылып жатканын, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалганын жана жыйынтыгына жараша укуктук баа берилерин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button