Дүйнө
Россияда мигранттардын кайсы улуттан экенин тааный турган камералар орнотулат

Россиянын Санкт-Петербург шаарында мигранттарды көзөмөлдөө үчүн адамдын кайсы улуттан экенин тааныган камералар орнотулат. Бул тууралуу Санкт-Петербург администрациясынын улут аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.
Анын айтымында, мындай чара «этностук анклавдардын пайда болушун» алдын алып, «аймакта социалдык чыңалууну болтурбоо боюнча профилактикалык чараларды көрүүгө» мүмкүндүк берет.
Маалыматка караганда, аталган комитет адамдын жүзү аркылуу кайсы улуттан экенин аныктаган сегиз миң камера сатып алууга келишим жалпы суммасы 38 миллион рублди түзгөнү айтылат.



