Дүйнө

Украина президенти Зеленский Америкага карыз төлөөдөн баш тартты

Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын сейрек кездешүүчү кендери боюнча макулдашуунун алкагында талап кылганл 500 миллиард долларды кайтарып берүүдөн баш тартты.  Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Кимдир бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, АКШдан келген 500 миллиарддык жардамды тааныбайм. Жүз миллиардын да тааныбайм, биз президент Байден менен бул гранттык каражат деп сүйлөшкөнбүз. Грант — бул кайтарылууга жатпай турган акча. Грантты кайтарбайбыз», — деген Зеленский.

Киев режиминин жетекчиси украиналыктардын ондогон муунун карызга батырган келишимге кол койбой турганын белгилеген.

Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 3-февраль күнү Вашингтон аскердик жана финансылык колдоосу үчүн Киевден сейрек кездешүүчү металл жеткире турган кепилдик күтүп жатканын билдирген. The Washington Post гезити аткаминерлерге таянуу менен 14-февраль күнү Зеленский менен Мюнхенде жолуккан америкалык аткаминерлер Украинанын казыла элек минералдык ресурстарынын 50 пайызына ээлик кыла турган документти сунушташканын жазды. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске макулдашууга кол койбой турганын айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button