Окуялар
Караколдо өспүрүм чоң атасынын машинасын айдап чыгып кырсыкка кабылды

Окуя 22-февралда саат 16:40та болгон. Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөн.
“Рулдагы 16 жаштагы өспүрүм каза таап, дагы үч бала ооруканага түшкөн”, — деди ЖКККББ.
Жабыркагандардын бири үйүнө жөнөтүлсө, калгандары хирургия бөлүмүндө жатат.


