Дүйнө
Россияда аялына жини келген күйөөсү машинасын таштанды контейнерге ыргыткан

Россиянын Мытища шаарында күйөөсү, жубайына 14-февраль күнү белекке берген «Порше» унаасын таштанды челекке таштап салды.
Ал унааны 3 миллион рублге сатып алып, 8-мартка чейин оңдоп берүүгө убада кылган. Бирок, аялы унааны көрүп, аны баалабай, белек катары кабыл албай, андан баш тартып, таарынган экен.
Аялына ызаланып калган күйөөсү Сергей унааны таштанды челекке таштап салган. Ал унаа ошондон бери таштанды салынуучу контейнерде турат..
Шаардын жергиликтүү тургундары аны көрүү үчүн сүрөткө түшүүдө. Ал эми Сергей, ыргыткан машинаны эмне кылыш керектигин азырынча белгисиз. Бирок, таштандыда салынган машина көпчүлүктү кызыктырууда.



