Спорт
Олимпиада-2024. Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде жеңилип калды

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартты.
Акматалиев бүгүн турнирде 1/8 финалда 65 кг чейинки салмак ченинде алгачкы беттештерин баштады. Анда венгриялык Исмаил Масукаев менен күрөшүп, 11:0 эсебинде утулуп калды.
Венгрия балбаны финалга чыкса, Акматалиев эртең турнирде коло медаль үчүн беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу таймашта күрөшөт.



