Коом

Маданият министрлигинде бюджеттин аткарылышына байланыштуу шайкештик аудитинин жыйынтыгы чыкты

Бул тууралуу КР Эсеп палатасынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-2023-жылдарга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча бир катар олуттуу шайкеш келбестиктер жана каржылык тартип бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө жалпысынан 913 162,7 миң сом өлчөмүндө каржылык жана процедуралык бузуулар катталды, анын ичинен:

Процедуралык бузуулар — 509 168,8 миң сом (сатып алуулардагы жол-жоболордун бузулушу, ашыкча аванстар жана мониторингсиз жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар ж.б.);

Каржылык бузуулар — 403 993,9 миң сом түзгөн.

Максатсыз каражат коротуу: Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 300 млн сомдун ичинен 33 570,5 миң сому максатсыз сарпталган. Анын ичинде: гастролдор жана спектаклдер үчүн — 5 121,9 миң сом, жаштар иш-чараларына — 8 897,4 миң сом, полиграфиялык продукцияга — 19 551,2 миң сом.

Мүлктү пайдалануудагы кемчиликтер: Бухгалтердик баланска киргизилбей калган мүлктөр жана товардык-материалдык баалуулуктар жалпы 62 952,7 миң сом суммасын түздү.

Эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуу: Финансылык документтерди туура эмес жүргүзүү жана дебитордук карыздарды жашыруу фактылары аныкталды, мунун кесепетинен 29 261,4 миң сом ачыкка чыккан.

Мамлекеттик сатып алуулардагы бузуулар: Жалпы 84 443,9 миң сом мамлекеттик сатып алуулар тиешелүү жол-жоболорсуз жүргүзүлгөн.

Энергияны ашыкча пайдалануу: Ашып кеткен электр жана жылуулук энергиясы үчүн бюджеттик каражаттардан 7 702,0 миң сом ашыкча сарпталган.

Аудиттин жүрүшүндө 119 995,0 миң сомдун калыбына келтирилиши зарыл экени аныкталган, анын ичинен азыркыга чейин 56 738,7 миң сому кайтарылды.

Министрликке караштуу мекемелерде каржылык тартипти чыңдоо, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана контролдук механизмдерди күчөтүү боюнча бир катар сунуштар берилип, аудиттин жыйынтыктары тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлмөкчү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button