Коом

УКМК: Ноокен районунда кесиптик лицейдин студенттерине мыйзамсыз диплом берүү фактылары аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, абийирдүү студенттердин көптөгөн арыздарынын негизинде КР УКМК тарабынан Ноокен районунун Арал айылында жайгашкан №68 кесиптик лицейдин дипломдорун мыйзамсыз берүү жана билим берүү мекемесинин жооптуу адамдары тарабынан акча каражатын ыйгарып алуу фактылары аныкталды.

Ошентип, лицейдин кызмат адамдары 2019-жылдан бери республикалык бюджеттен стипендия жана тамактануу үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып, ошондой эле иш жүзүндө окубаган жана КРдин чегинен тышкары жүргөн 18 студентке мыйзамсыз баа коюу жана диплом берүү менен алектенишкени такталды.

2025-жылдын 1-апрелинде козголгон кылмыш ишинин алкагында №68 лицейдин директору М.А.П. жана мурдагы директор Т.Т.К. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди жана 2025-жылдын 24-апрелине чейин «камакка алуу» түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө  иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button