Саясат
Садыр Жапаров порттогу жарылууга байланыштуу Ирандын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
«Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.



