Саясат
Садыр Жапаров кол койду. Кыргызстанда президенттик шайлоо мындан ары январь айында өтөт

Кыргызстанда мындан ары президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт.
Шайлоону ага төрт ай калганда Жогорку Кеңеш дайындайт. Мамлекет башчы сунуштаган мыйзам долбоорун парламент 16-апрелде кабыл алып, Садыр Жапаров ага 28-апрелде кол койду.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтмөк. Мындан ары шайлоо эми январь айынын төртүнчү жекшембисинде болот.



