Окуялар

Реабилитациялык борбордо баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаарындагы Brain Up инклюзивдик билим берүү борборунда майыптыгы бар баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүлөргө карата иш «Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо» беренеси менен козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин соцтармактарда «борбордун тарбиячысы жашы жете элек баланы чыбык менен сабап жатат» делген видео тараган. Тасмадан аял өспүрүмдү эки колдон алып көтөрүп, бутка бир нече ирет тепкенин да көрүүгө болот.

Аталган видео боюнча райондук милиция иликтөө иштерин баштаганын билдирген.

Милициянын маалыматына ылайык, сабалган бала — 8 жашта. Ал аталган борбордо август айынан бери реабилитациядан өтүп жаткан.

Сабалган баланын видеосун бул шилтемеден көрсөңүз болот:

https://twitter.com/i/status/1610257800298389504

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button