Коом

Камчыбек Ташиев: «Чагымчыл күчтөр кимдер экенин билебиз!»

Өлкөдөгү ири соода-базар комплекстерине эң бай адамдар ээлик кылышат. Алар мындан өтө чоң көлөмдө пайда табышат. Бирок, соодагерлер ижара акысына чоң каражат төлөп жатканына карабастан, көпчүлүк базарларда аларга элементардык шарттар түзүлгөн эмес. Ошондуктан, соодагерлердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ижара акысы жок дегенде эки эсе азайтылышы кажет. Мындан тышкары, ККМ аппараттарын сатып алууга чамасы жок майда соодагерлер аппараттар менен бекер камсыз болушу кажет. Азыр айрым күчтөр социалдык-экономикалык маселелерди саясатка айландырууга аракет жасап жатышат. Элиме айтаарым, мындай чагымчылыкка алдырбаңыздар. Себеби, бул чагымчылар ким экенин биз жакшы билебиз жана аларды мыйзам жүзүндө жакын арада жоопкерчиликке тартабыз!- бүгүн УКМКнын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш салтанатында сүйлөгөн сөзүнөн

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button