Саясат

Балдарды мектепке, бала бакчага негизсиз албай койгондор жазаланат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду 

Ошондо Укук бузуулар кодексине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр кирди:

▪️окуучулардын билим алуу укуктарын бузган же мыйзамсыз чектеген учурларда эскертүү берилет. Эгерде мыйзам бузуу оңдолбосо, жеке жактарга 5 500 сом, юржактарга 17 миң сом айып салынат

▪️балдарды мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү уюмдарына негизсиз кабыл албай койгондорго — жеке жактарды 10-12 миң сом, кызмат адамдарын 15-17 миң сомдук айыпка жыгуу каралган

▪️билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултса,  жеке жактарга 15 миң сом, юридикалык жактарга 20-65 миң сом айып каралган.

Тектеш кабарлар

Back to top button