Спорт

Кыргызстандык окуучулар киберкоопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада эки коло медаль алды 

Сингапурда өткөн мелдешке 27 өлкөдөн 135 окуучу катышкан. Агартуу министрлиги Кыргызстан бул олимпиадага биринчи жолу катышып, дароо эле  олжолуу болгонун белгиледи. 

Олимпиадага катышкан 5 окуучунун экөө коло медаль жеңип алды. Алар: 

Айпери Акжолтоева – Ысык-Көл облусундагы Зияш Бектенов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу.

Исхак Тажибаев – Бишкектеги «Кутбилим» билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу.

Тектеш кабарлар

Back to top button