Спорт
Бишкекте беш миңге жакын жөө күлүк катышкан марафон өтөт

Ушул жылдын 21-сентябрында Бишкекте беш миңге жакын жөө күлүк катышкан Bishkek Snow Leopard Run аталышындагы марафон өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.
Марафон борбордун «Ала-Тоо» аянтынан башталып, жөө күлүктөр Чүй, Абдрахманов, Масалиев жана Айтматов көчөлөрү менен түзүлгөн маршрут боюнча жүгүрүшөт.
Ар бир катышуучу өзүнө ылайыктуу аралыкты тандап алса болот:
5 чакырым — 14 жаштан жогору
14 чакырым — 16 жаштан жогору
21.1 чакырым (жарым марафон) — 18 жаштан жогору
42.2 чакырым (марафон) — 18 жаштан жогору
Мындан тышкары Kid»s Run деп аталган балдар үчүн жарыш да уюштурулат. Алар 100, 300, 500 метр жана бир чакырым аралыкка чуркайт.



