Спорт
Көк бөрү: «Достук» командасы 5:4 эсебинде 1-орунга жеңип чыкты

Чолпон-Ата шаарында Эгемендүүлүк күнүн 34 жылдыгына карата Көк бөрү боюнча мелдешүү аягына чыкты. Жыйынтыктоочу Жогорку лиганын финалында «Достук» менен «Ынтымак» командалары 1-орун үчүн беттешти.
Биринчи тайм 2:1 эсебинде «Ынтымак» командасынын пайдасында жыйынтыкталса, экинчи тайм 2:2 эсебинде тең чыгуу орун алды . Жыйынтыктоочу үчүнчү таймда күтүлбөгөн жагдайлар орун алып, 4:4 эсебинде тең чыгышты.
Кошумча кошуп берилген убакытта алтын упайды Кубаныч Султан уулу салып, өз командасына чемпиондук наамды алып берди.
Жалпы оюндун жыйынтыгында «Достук» командасы 5:4 эсебинде жеңишке ээ болушту.



