Коом
Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 35 жаштагы келин пландалган операция (кесарево кесүү) жолу менен үч уул баланы жарык дүйнөгө алып келди.
«Учурда ымыркайлардын абалы туруктуу деп бааланууда, алар жаңы төрөлгөн балдардын реанимация бөлүмүндө адистердин көзөмөлүндө. Эненин абалы да жакшы, дарыгерлердин кароосунда», — деп айтылат маалыматта.



