Ысык-Көлдө унаа уурдаган өспүрүмдөр кырсыкка учурап, бири каза болду
Каракол шаарында жашы жете элек балдар унаа уурдап, андан соң кырсыкка кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Бул фактыны Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Алардын маалыматы боюнча, 6-майда Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 36 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 5-майдан 6-майга караган түнү белгисиз адамдар үйдүн жанында токтоп турган «Фольксваген-Пассат» унаасын уурдап кетишкенин билдирген. Бул билдирүү боюнча «Колго түшүрүү» планы киргизилген.
Бул факт Каракол ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренеси менен (Автотранспорт каражаттарын уурдоо) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө Ак-Суу районунун Жолколот айылындагы Панорама участкасынан «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган абалда табылган. Кырсыктын кесепетинен 15 жаштагы Ю.Р., 15 жаштагы С.Д., 14 жаштагы И.А. жана 13 жаштагы М.К. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаткырылды.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө өспүрүмдөр арыз ээсине таандык «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унааны уурдап, Панорамага барып, жол кырсыгына кабылганы аныкталды.
9-майда унаа уурдоого катышкандардын бири — 13 жаштагы М.К. аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Turmush басылмасына маалым болгондой, унаа таңкы саат 05:00 чамасында уурдалган. Жол кырсыкка күбө болгон кыш заводунун кызматкерлери тез жардам кызматын чакырышкан.
Каза болгон мектеп окуучусу Жети-Өгүз районунун Дархан айылынан болот. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 10-майда өтүп жатат. Ал эми калган үчөө Ысык-Көл облустук ооруканасында, биринин абалы оор деп бааланууда.
Болжолдуу маалыматтарга карганда, алардын экөө 7-8-класстын окуучулары.
Өспүрүмдөр төртүнчү ирет уурулукка катышканы, мурда алар бодо мал уурдаганы айтылууда. Аталган унаа үй-бүлөнүн киреше булагы болгон.




