КР Соода-өнөр жай палатасы Ozon маркетплейси менен кызматташат

КР Соода-өнөр жай палатасы жана Ozon маркетплейси кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар республикада чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү, онлайн-соода сегментинде экономиканын гармониялуу өсүшүн камсыз кылууну макулдашышты.
Ozon менен КР Соода-өнөр жай палатасынын кызматташтыгынын назарында – КМШнын беш өлкөсүндө Ozon’дун 46 млн сатып алуучусуна жергиликтүү өндүрүштөгү продукциянын экспорттук потенциалын өнүктүрүү.
Мындан тышкары, өнөктөштүк дегенде ага Кыргызстанда аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, билим берүү иштери, биргелешкен консультациялар жана иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле маалыматтык жана жарнамалык өнөктүктөрдү баштоо жана өз ара тажрыйба алмашуу кирет.



