Жогорку Кеңешти таратууну демилгелеген жана колдогон депутаттар. ТИЗМЕ

Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңеши өзүн-өзү таратты. Бул маселе парламенттин 25-сентябрдагы жалпы жыйынында каралды. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын ноябрь айында аяктамак. Кыргызстандын буга чейинки тарыхында парламент өзүнөзү тараткан эмес. Конституциялык мыйзамга ылайык, парламентти таратуу демилгесин кеминде депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгү көтөрүшү керек. Ал эми таратуу чечими 60 жана андан көп депутаттын колдоосу менен кабыл алынат.
Жогорку Кеңешти таратууну демилгелеген жана колдогон депутаттар
VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуу демилгесин парламенттеги 90 депутаттын ичинен 84 депутат колдоду. Каршы чыккандар болгон жок. Жалпы 89 депутат каттоодон өткөн.
Жогорку Кеңеш өзүн-өзүн таратсын деп демилгелеп чыккан депутаттардын тизмесин баяндамачы депутат Улан Примов айткан.
Тизме:
— Нурланбек Азыгалиев;
— Нурбек Сыдыгалиев;
— Марлен Маматалиев;
— Жылдыз Садырбаева;
— Кундузбек Сулайманов;
— Азамат Исираилов;
— Талайбек Масабиров;
— Улан Примов;
— Азизбек Турсунбаев;
— Бактияр Калпаев;
— Данияр Төлөнов;
— Чыңгыз Ажибаев;
— Алишер Козуев;
— Аманкан Кенжебаев;
— Гүлсүнкан Жунушалиева;
— Саид Зулпуев;
— Нилуфар Алимжанова;
— Лейла Лурова;
— Чолпон Султанбекова;
— Балбак Түлөбаев;
— Равшан Рысбаев;
— Кубанычбек Самаков;
— Жанар Акаев;
— Руслан Жакышов;
— Сүйүн Өмүрзаков;
— Жайлообай Нышанов;
— Гүлкан Молдобекова;
— Марат Мураталиев;
— Арсланбек Эгембердиев;
— Акбөкөн Таштанбеков;
— Айжигит Тыналиев;
— Арсланбек Малиев.
Буга чейин депутат Чолпон Султанбекова («Ишеним») журналисттерге президенттик жана парламенттик шайлоолордун мөөнөттөрү жакын болуп калганы көйгөй жаратып жатканын, анткени эки шайлоонун ортосунда бир жылдан кем эмес убакыт болушу керектигин айткан болчу.
Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткандан кийинки кадам
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев буга чейин «АКИpress′ке» билдирген маалымат боюнча, парламент тарагандан кийин 5 күндүн ичинде (30-сентябрга чейин) президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындашы мүмкүн. Адатта стандарттуу мөөнөт 90-100 күндү түзсө, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 60 күнгө чейин кыскарат. Шайлоо адатта жекшемби күнү өткөрүлөт. Демек болжолдуу күн — 30-ноябрь.
Алдыдагы парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өтөт. Эми ар биринен 3 депутат (2 эркек, 1 аял) шайлана турган 30 мандаттуу округ түзүлөт. Партиялар округдарда талапкерлерди көрсөтө алышат.
БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров даярдык иштери, шайлоо фонду, шайлоого корой турган каражат, депутат болом деген жарандарга карата коюлган талаптар тууралуу айтып берген.



