Коом

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери балдарды Жаңы жыл менен куттукташты — ВИДЕО

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлерине жаңы жыл майрамы менен мигранттардын балдарын, жалгыз тарбиялап жаткан көп балалуу жана колунда майып балдары бар үй-бүлөөлөрдү куттуктоо өзгөчө бир жакшы салтка айланып калды.

Бул жолу да, милициянын Аяз ата жана Аяз кызы балдарга куру кол келишкен жок. Ар бир бала алардын колунан, милиция кызматкерлеринин күчү менен даярдалган таттуу белектерди алышса, алардын ата-энелерине азык-түлүк товарлары тапшырылды. 

Ал эми, Ысык-Көл ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери болсо, эки жылдын аралыгында Түп районунун Михайловка айылынын тургуну Аскат Алымбаевдин үй-бүлөөсүнө жардам көрсөтүп келишүүдө. Ал жалгыз, жаш өспүрүм балдары менен ижарага алынган батирде жашап, аларды тарбиялап келүүдө. Келинчеги, 2018-жылы кичүү наристесин төрөп каза болгон. Чогулган каражатка милиция кызматкерлери балдарга белектерди, ал эми азык-түлүктү жаңы жылды үй-бүлөөнүн тегерегинде тосуу үчүн тапшырып кетишти.  

Ысык-Көл районунун Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери, айылда орун алган коррекциялык классынын ден-соолуктары чектелген окуучуларына майрамдык иш чараны уюштуруп беришсе, Жети-Өгүз районунун Тамга айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери болсо, айылда майып баланы жалгыз тарбиялап жаткан энеге мейманга келишип, өздөрүнүн жаңы жылдыкбелектерин тапшырып кетишти.

Белеке тартууланган таттуулар балдар үчүн чыныгы керемет болсо, наристелердин чын жүрөктөн болгон кубанычы, милиция кызматкерлерине эң жогорку ыраазычылык болду,- деп айтылат  Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button