Коом

Нарын дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери башталды

Нарын дарыясынын жээгинде эс алуучулар үчүн аллеянын курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Нарын дарыясынын түндүк жээгин көрктөндүрүү боюнча долбоордук-сметалык документ иштелип чыгып, бүгүнкү күндө курулуш иштери башталды.

Эс алуу аймагынын жалпы аянты 3 100 чарчы метр жерди түзөт. Мында эс алуучулар үчүн керектүү шарттар түзүлүп, асфальт жана таш тамандар төшөлүп, түнкү чырактар жана отургучтар орнотулат жана коопсуздук сакталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button