Окуялар

Жети-Өгүздө автоунаалар бет маңдай кагышып, 27 жаштагы жигит каза тапты

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун Жети-Өгүз районундагы Балтабай айылындагы жеринде автоунаалар кагышып, бир киши каза болду. Бул туурасында аталган райондун милициясынан кабарлашты.

BMW X5 үлгүсүндөгү автокөлүк алдыдагы машинадан озуп өтөм деп каршы тилкеге чыгып, маңдайында келе жаткан Mercedes-Benz менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Mercedes-Benz унаасын айдап келе жаткан 27 жаштагы киши көз жумган.

Милициядан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button