Окуялар

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын жарандары Мьянмадагы кулчулуктан бошотулду

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын жарандары Мьянмадагы кулчулуктан бошотулду. Бул тууралуу Kun.uz басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарандар мурда Таиландга иштөө үчүн барышкан. Алар акысыз автобустар менен жеткирилип, андан соң алдамчылык жолу менен Мьянмага өткөрүлүп, адам соодасы менен алектенген кылмыштуу топтордун колуна түшкөн.

Жабыркагандар дипломаттарга берген маалыматтарында Мьянмада мыйзамсыз иш алып барган алдамчылык кол-борборлорунда иштөөгө мажбурланганын айтышкан. Мыйзамсыз иштерге катышуудан баш тарткандарга карата физикалык зомбулук көрсөтүлүп, коркутуулар жасалган.

Кулчулукка кабылган Өзбекстандын жарандары Бангкоктогу өлкөнүн Башкы консулдугуна кайрылууга жетишкен. Ошол учурда Мьянмада Казакстан менен Кыргызстандын жарандары да кармалып турганы аныкталган.

Үч мамлекеттин жарандарын бошотууга Казакстан жана Өзбекстандын дипломатиялык ведомстволорунун Таиланд жана Мьянманын бийлик өкүлдөрү менен болгон өз ара аракеттенүүсү шарт түзгөн.

Кулчулуктан куткарылган бардык жарандар өз мекенине кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button