Окуялар

Сауд Арабиясы өлүм жазасын аткаруу боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти

Сауд Арабиясы өлүм жазасына тартылгандардын саны боюнча рекорд койду. Буга чейин туристтерге бул өлкөдө орой сөз сүйлөө кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн экени эскертилген.

2025-жылы Сауд Арабиясы өлүм жазасын аткаруу боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетип, 340 адамды жазалады. Бул тууралуу Agence France-Presse (AFP) агенттиги кабарлады. Сауд Арабиясынын Ички иштер министрлиги жана мамлекеттик SPA агенттигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери өлүм жазасына тартылгандардын көпчүлүгү — 232 адам — баңгизат соодасына байланыштуу кылмыштар үчүн жазаланган.

Дүйшөмбү, 15-декабрда, Ички иштер министрлиги Мекке провинциясында киши өлтүрүү боюнча үч адамга карата чыгарылган өлүм жазасы аткарылганын билдирди.

Агенттиктин белгилешинче, Сауд Арабиясы өлүм жазаларынын саны боюнча экинчи жыл катары менен рекорд жаңыртууда. 2024-жылы падышалыкта 338 адам казаланган.

Аналитиктер өлүм жазаларынын көбөйүшүн өлкөдө 2023-жылдан бери күчөтүлгөн баңгизаттарга каршы күрөш менен түшүндүрүшөт. Дал ошол жылы баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн өлүм жазасын колдонуу кайра жанданган. Ага чейин мындай кылмыштар боюнча өлүм жазасын аткаруу үч жылга токтотулган.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабиясы синтетикалык каптагон баңгизатын таратууда ири рыноктордун бири бойдон калууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button