Коом

Токтогулда калың кардан улам кыштоодо калган 9 жаран эвакуацияланды

Кечээ, 22-декабрда кечке чейин Токтогул районунун Толук айылында кыштоодо калган 9 жаран 2194 баш малы менен айылга эвакуацияланды. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлады

Маалыматка ылайык, дагы 3 короодон мал-жандыктар жолдо келе жатат. Ал эми 6 короонун мал ээлери кыштоодон чыгууга баш тарткандыгына байланыштуу себептерин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган аймакта кар калың тушүп, жол каттамы токтоп калган. Натыйжада 13 короодон турган 26 жаран мал-жандыктары менен кыштоодо калып калган. Жабыркагандар жок.

Учурда Толук айыл аймагынын ички жолдорун жана айылдарды бири-бири менен байланыштырган жолдорду тазалоо максатында 3 техника иштеп жатат. Ички жолдор 24-декабрга чейин толугу менен тазаланып бүтөрү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button