Мавлянова: Кызыл-Кыяда таза суу эки күндө бир жолу болгону эки саатка берилүүдө

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында тургундарга таза ичүүчү суу эки күндө бир жолу болгону эки саатка берилүүдө. Бул тууралуу 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова билдирди.
Анын айтымында, ар бир кыргызстандык таза ичүүчү сууга жетүү укугуна ээ. «Кызыл-Кыяда суу жокко эсе. Эки күндө бир жолу эки саатка гана берилет. Бул ири шаар үчүн кабыл алынгыс көрүнүш. Бул маселени чечүү боюнча кандай чаралар көрүлөт, каражаттар каралганбы?» — деп суроо салды депутат.
«Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү» мамлекеттик мекемесинин директору Азамат Шадманов Кызыл-Кыяда суу убактылуу гана берилерин ырастады.
Анын маалыматына караганда, шаарда буга чейин долбоордун биринчи этабы ишке ашырылган, бирок ал тургундардын муктаждыгынын болгону 30 пайызын гана жапкан.
«Учурда шаар мэриясы сметаны даярдап жатат. Өткөн жылы болжол менен 700 миллион сом керек деп айтылган, азыр болсо суу булагы шаардан 25 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, 1 миллиард сомдон ашык каражат талап кылынууда», — деди ал.
Шадманов министрлер кабинети бул долбоорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издээрин кошумчалады.



