Коом

2025-жылы курулуш тармагындагы мыйзамсыз иштерге 132 млн. сом айып пул салынды

2025-жылы курулуш тармагындагы мыйзамсыз иштерге салынган айып пулдун көлөмү 132 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан 3 053 текшерүү иштери жүрүп, 2 290 протокол түзүлгөн.

Мындан тышкары, 2024-жылы салынган айып пулдун суммасы 120,1 миллион сомду түзсө, быйылкы көрсөткүч андан 9,9 пайызга жогору экени айтылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button