Коом
Бишкекке 625 автобус алуу пландалууда

Быйыл Бишкекке 625 автобус алуу пландалууда. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, иштер Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлөт.
Ошону менен катар мэр жаңы автобустар чакан габариттүү болорун маалымдады.



