Кызыктар

Адамдын алкоголго берилип баштаганынын биринчи белгилери

Россиялык “Лента” маалымат порталы псхиатр-нарколог Руслан Исаевден адамдын алкоголго берилип баштагандагы биринчи белгилерин сураган.  

Адистин айтымында, биринчи белги – өлчөм сезимин жоготуу, алкоголдун дозасын көбөйтүү жана башка бир катар белгилери бар.

“Биринчи стадияда берилип баштаган адам да, анын жакындары да көйгөйдү байкашпайт. Адам бул стажияда социалдык жактан адаптацияланган, жумушка барат же окуусун окуйт, эртең менен баш жазбайт. Бирок кайсы бир убакта өлчөм сезимин жоготот – бул алкоголдук көз карандуулук пайда боло баштаганынын биринчи коңгуроосу”, — деген ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, алкоголдун дозасын акырындык менен көбөйтүү, жашоодогу ар бир нерсени спирттик ичимдиктерди ичүүгө шылтоо кылуу, ичпей калган учурда тынчсыздануу жана кыжырдануу сыяктуу сапаттардын пайда болушу дагы белгилерге кирет.

“Алкоголго берилүү биринчи рюмкадан кийин эле башталат – көз каранды адам дагы, дагы ичкиси келет. Эс тутумунда да азыраак жабыркоо болот, бул алкоголдук палимпсест деп аталат. Барган сайын эс тутум кыскарып, унутчаак болуу көбөйө баштайт”, — деген ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button