Коом
Садыр Жапаров элдик курултайдын күнүн өзгөрттү

Президент Садыр Жапаров IV элдик курултайды өткөрүү жөнүндөгү жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди. Документке ылайык, IV элдик курултай мурда пландалгандай 22-декабрда эмес, 25-декабрда өтөт.
Буга чейин төмөнкүлөр бекитилгени кабарланган:
-квоталарды 700 делегатка бөлүштүрүү;
-Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо;
-Уюштуруу комитетинин курамы.



