Адис чайдын суткалык нормасын атады

Жалпы практика дарыгери Ниса Аслам ден соолукка зыян келтириши мүмкүн болгон чайдын суткалык нормасын атады. Анын сөздөрүн Metro басылмасы келтирди.
Басылманын маалыматына караганда, мурда коопсуз өлчөм катары күнүнө төрт-беш чыны чай эсептелип келген. Бирок Аслам жүргүзгөн изилдөөдө суткасына үч-төрт чыныдан ашык ичпөө сунушталат.
Анын айтымында, мындан көп өлчөмдө ичкенде адам кофеиндин терс таасирин сезе баштайт.
Ошол эле учурда дарыгер чай аз өлчөмдө сезгенүүгө каршы таасир берерин белгиледи. Бул таасир өзгөчө баштапкы сезгенүү деңгээли жогору болгон адамдарда, мисалы, экинчи типтеги кант диабети, астма же жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптарда жакшы байкалат.
Мындан тышкары, адис чай дары-дармектерди алмаштырбай турганын, бирок организмдин сезгенүү стрессине болгон реакциясына таасир эте аларын баса белгиледи.


