Коом
Ошто 590 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун тургунунан дээрлик 590 миң сом алимент өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук бөлүмүндө М.Н.А.га карата 2018-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 1-мартына чейинки мезгил үчүн алименттик милдеттенмелер боюнча карызды өндүрүү иши каралган.
«Көрүлгөн мажбурлап аткаруу чараларынын жыйынтыгында 592 миң 374 сом өлчөмүндөгү карыз толугу менен өндүрүлүп, өндүрүп алуучунун ишеним каты боюнча өкүлүнө өткөрүлүп берилди», — деп айтылат билдирүүдө.



