Дүйнө

Билл Гейтс кызматкерлеринен Эпштейн менен болгон байланышы үчүн кечирим сурады

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс өзүнүн фондунун кызматкерлеринен финансист Джеффри Эпштейн менен болгон байланыштары үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал никеден тышкаркы мамилелери болгонун — “орус аялдары” менен эки жолу романтикалык байланыш түзгөнүн — моюнга алган. Кийин бул тууралуу Эпштейн билген. Бирок ишкер алардын эч бири финансисттин курмандыгы болбогонун белгилеген. Гейтс “мен мыйзамга каршы эч нерсе кылган эмесмин” деп баса белгиледи.

«Чынында эле менин романдарым болгон. Бирөө — бридж турниринде таанышкан орус айымы менен. Экинчиси — жумуш аркылуу таанышкан орус өзөктүк физиги менен», — деген Гейтс.
Миллиардер Эпштейн менен 2011-жылы — финансист жашы жете элек кызды сойкулукка тартуу иши боюнча күнөөсүн мойнуна алгандан кийин — байланыш түзө баштаганын айткан. Анын айтымында, Эпштейн тууралуу айрым көйгөйлөр бар экенин билген, бирок анын өмүр баянын текшерген эмес. 2013-жылы жубайы Мелинда Френч-Гейтс бул байланышка каршы чыккандан кийин да ал финансист менен мамилесин токтоткон эмес. Гейтс Эпштейндин жеке учагы менен учуп, Германияда, Францияда, Нью-Йоркто жана Вашингтондо жолуккан, бирок «эч качан анын аралында болбогонун жана түнөп калбаганын» айткан.

Фонд кызматкерлери менен жолугушууда Гейтс Эпштейн менен акыркы жолу 2014-жылы жолукканын билдирген. Андан кийин финансист ага электрондук каттарды жөнөтүп турган, бирок Гейтс аларга жооп берген эмес.

Гейтс менен Эпштейндин байланышы буга чейин эле маалым болгон. Айрым ЖМКлар алардын мамилеси Мелинда Френч-Гейтс менен 27 жылдык никеден кийин ажырашуусуна себептердин бири болгонун жазышкан. «Эпштейн файлдарында» финансисттин Гейтске жөнөтүлбөй калган каты бар экени айтылат.

ЖМКлардын маалыматына караганда, алардын достугу Мелинда Френч-Гейтстин 27 жылдык никеден кийин күйөөсү менен ажырашуусуна себеп болгон. «Эпштейн файлдарында» финансисттин Гейтске жөнөтүлбөгөн каты камтылган, анда Эпштейн Microsoftтун негиздөөчүсүнө «орус кыздары менен жыныстык катнаштын кесепеттери» үчүн дары-дармек менен жардам бергенин эскерет. Гейтс катты калп деп атаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button