Коом

Быйыл өлкөдө 1,2 млн гектар жерге эгин себилет

Кыргызстандын аймактарында жазгы айдап-себүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 1 млн 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда. Анын ичинен:

  • 818 миң гектары — сугат жер;
  • 432 миң гектары — кайрак жер.

Белгилей кетсек, быйылкы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жогору (2025-жылы 1 млн 245,6 миң гектарды түзгөн).

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкө боюнча жалпы 29 миң 664 гектар жер айдалды. Бул багытта алдыңкы катарда төмөнкү облустар турат:

  1. Ош облусу — 17 768 га;
  2. Чүй облусу — 9 749 га;
  3. Жалал-Абад облусу — 2 147 га.

Учурда жалпы 5 миң 547 гектар жерге жаздык кылкандуу дан эгиндери себилди. Анын ичинде:

  • буудай: 2 миң 466 га (Ош — 1 миң 510 га, Чүй — 850 га, Жалал-Абад — 106 га).
  • арпа: 3 миң 081 га (Чүй — 1 миң 318 га, Ош — 996 га, Жалал-Абад — 767 га).
  • башка өсүмдүктөр: Жалал-Абад облусунда 189,7 га жерге картошка, Ош облусунда 5 га жерге жашылча өсүмдүктөрү себилди.

«Учурда талаа иштери негизинен өлкөнүн түштүк аймактарында жана Чүй өрөөнүндө кызуу жүрүүдө. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында климаттык шарттарга байланыштуу себүү иштерине даярдыктар көрүлүп, жакынкы убакта башталмакчы»— деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button