Дүйнө
60 кабаттуу имараттан секирген. «Мисс АКШ» сынагынын жеңүүчүсү каза болду

АКШ сулуусу-2019″ сынагынын жеңүүчүсү Чесли Крист Нью-Йорктогу 60 кабаттуу имараттан секирип каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя кечээ, 30-январь күнү эртең менен болгон. 30 жаштагы Чесли Кристтин сөөгү шаардын борборундагы 42-көчөдөн табылган.
Каза болоруна бир нече саат калганда Чесли социалдык тармактагы баракчасына сүрөтүн жүктөп «Бул күн сизге тынчтык жана бейпилдик алып келсин» деп жазган.
Крист өзүн-өзү өлтүрүү жөнүндө кат калтырып, мүлкүн апасына калтырарын билдирген. Билдирүүдө өзүн-өзү өлтүрүүнүн себеби көрсөтүлгөн эмес. Маркумдун үй-бүлөсү жана кесиптештери кыздын өлүмүн тастыкташкан.



