Окуялар
ӨКМ: Өрттөн каза тапкан 4 бала үйдө чоң энеси менен болгон

Өзгөндө өрттөн каза тапкан балдар үйдө чоң энеси менен болгон. Маалыматты ӨКМден кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, кырсыктан улуу небереси менен аял аман чыгууга үлгүргөн. Ал эми кичинекейлер башка бөлмөдө болгондуктан куткара албай калышкан.
«Аял чоң небереси менен көчөгө чуркап чыгып, кыйкырып, элди жардамга чакырган. Алар аман калып, тилекке каршы, башка бөлмөдө уктап жаткан балдар көз жумду. Колдогу алдын ала маалыматтарда, жалын бузулган электр плитасынан чыккан», — деп айтылат маалыматта.
Министрликтен балдар бир туугандардыкы экенин айтышты.
Эске салсак, түндө Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында үйдөн өрт чыгып, төрт бөбөк каза тапкан.


