Дүйнө

ЮНИСЕФ: Жакынкы Чыгыштагы жаңжалда 200дөй бала каза болду

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшүнүн кесепетинен болжол менен 200дөй бала каза болду. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди.

Маалыматка ылайык, кеминде 181 бала Иранда, 7 бала Ливанда, 3 бала Израилде жана 1 бала Кувейтте каза болгонун балдарды коргоо боюнча эл аралык уюм билдирди.

Буга чейин ЮНИСЕФ Жакынкы Чыгыштагы аскердик чыңалуунун күчөшү аймактагы миллиондогон балдар үчүн өтө кооптуу учур болуп жатканын белгилеген.

«ЮНИСЕФ Иранда жана бүткүл аймакта болгон соккулар тууралуу маалыматтарга терең тынчсызданууда, анткени бул балдар үчүн олуттуу коркунуч жаратат. Иранда мектептерге сокку урулганы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө, алардын арасында түштүк Ирандагы Хормозган провинциясынын Минаб шаарындагы кыздар мектеби да бар. ЮНИСЕФ Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын согуш аракеттерин дароо токтотуу жана чыңалууну басаңдатуу тууралуу чакырыгын колдойт. Ошондой эле бардык тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө жана эл аралык гуманитардык укуктун талаптарын сактоого чакырат. Жарандык калкка жана жарандык объектилерге, анын ичинде мектептерге сокку урулушу эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button