Дүйнө

Камчаткада күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Камчатканын жээгинде күчү 6 магнитудага жакын жер титирөө катталды. Россия илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчаткадагы филиалынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Тынч океанда, Камчатка край аймагына жакын жерде болгон.

Сейсмологдордун такталган маалыматында жер титирөөнүн магнитудасы 5,8–6,0 болгон. Жер алдындагы силкинүүнүн очогу болжол менен 40 чакырым тереңдикте жайгашып, эпицентри Петропавловск-Камчатский шаарынан 235 чакырым алыстыкта катталган.

Учурда цунами коркунучу боюнча расмий эскертүү жарыяланган жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button