Кант жана туз көп камтылган азыктарга акциз салыгын көтөрүү сунушталууда

Бишкекте курамында шекери көп жана тузу жогору азыктарга акцизди көтөрүү демилгеси талкууланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кыргызстанда курамында канты бар суусундуктардын литрине 3 сом өлчөмүндө бирдиктүү акциз салыгы алынат. Жаңы сунуш боюнча, салык канттын көлөмүнө жараша болот.
100 мл 5 г чейин кант — 1 литрине 5 сом;
100 мл 5-8 г кант — 1 литрине 7 сом;
100 мл 8-11 г кант — 1 литрине 9 сом;
100 мл 11 г жогору кант — 1 литрине 11 сом.
«Ошондой эле курамында кант менен кофеин көп, айрыкча өспүрүмдөрдүн ден соолугуна зыян деп эсептелген энергетикалык суусундуктарга литрине 20 сом өлчөмүндө туруктуу акциз киргизүү сунушталууда», – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле тузу жогору болгон айрым азыктарга да акциз киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Бул негизинен куурулган жана туздалган снек түрүндөгү азыктарга тиешелүү.
Тузу жогору азыктар үчүн сунушталган акциз:
100 г 1,2 г чейин туз — 0 сом;
100 г 1,2-1,5 г туз — 100 г үчүн 5 сом;
100 г 1,5-2,0 г туз — 100 г үчүн 10 сом;
100 г 2,0-2,5 г туз — 100 г үчүн 15 сом;
100 г 2,5 г жогору туз — 100 г үчүн 20 сом.



