Коом

Жалал-Абад облусунда муктаждарга 9 тонна азык-түлүк таратылды 

Жалал-Абад облусунда муктаждарга АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) тарабынан 9 тонна азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЮСАИДдин «Тынчтык үчүн азык-түлүк» программасынын алкагында майыптыгы бар жарандарга, балдардын психологиялык социалдык стационардык мекемесине, карылар үйүнүн жашоочуларына, кургак учук, ВИЧ/СПИД борборунун даарылануучуларына кургатылган азык-түлүктөр берилди.

Белгиленгендей, демилге муктаж жарандарды витаминдүү азыктар менен камсыздоо жана ден соолугун чыңдоо максатында ишке ашырылып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button