Коом

Папан ГЭСине жолдор салынып, адистер үчүн шаарча курулууда

«Чакан ГЭС» ААК Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашыруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда станциянын имаратына алып баруучу жалпы узундугу 9,2 чакырым болгон убактылуу жолдор салынып, ал эми адистер үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат.

Мындан тышкары, 110 кВ электр линиясынын долбоору даярдалып, туннель куруу жана жардыруу иштерине зарыл болгон уруксат кагаздары түзүлүүдө.

Андан сырткары, Жашыл энергетика фондунун сынагына катышуу үчүн алдын ала айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо иштелип чыгып, анын жыйынтыгында ГЭСтин курулушу үчүн жер тилкесин ижарага алуу боюнча келишим түзүлдү.

«Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун жогорулатууга жана түштүк аймактарындагы электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button