Дүйнө

Пакистан Кабулга сокку жасап 250дөн ашуун адам каза болуп, 400дөн ашык адам жаракат алды

Дүйшөмбү күнү Пакистандын Кабулга жасаган аба соккуларынын натыйжасында 250дөн ашуун адам каза болуп, 400дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу афгандык TOLOnews порталы Афганистандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди.

Маалыматта «Пакистандын Кабул шаарына жасаган аба соккуларынын натыйжасында 250дөн ашуун адам каза болуп, 400дөн ашык адам жаракат алды», — деп айтылат.

Февралдын аягында Kaбул Пакистан аскерлерине каршы Durand Line деп аталган, Афганистан расмий тааныбаган чек аранын бүткүл аймагы боюнча операция баштаган. Бул кадам коңшу мамлекеттин аба күчтөрүнүн бомбалоосуна жооп катары жасалган.

Өз кезегинде Исламабад да жооп иретинде ок ачылганын билдирип, талибдер менен ачык согуш башталганын жарыялаган.

Эки тараптын ортосундагы мамиле өткөн жылдын октябрында дагы курчуп кеткен. Ошондо Пакистан аймагында бир катар теракттар болуп, Исламабад алар үчүн Tehrik-i-Taliban Pakistan (ТТП) кыймылын айыптаган. Ал эми Aфганистан бийлиги бул топтун согушкерлери алардын аймагында жайгашканын четке кагып, аларга каршы күрөш Пакистандын ички иши экенин билдирген.

Ошол учурда тараптар бир жума бою бири-бирине аба соккуларын жасап турушкан. Кийинчерээк Катар жана Tуркия ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга жетишкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button